DOLON MEDIA

Ат-Башы: Босогодо эки фестиваль

13-июль күнү Ат-Башы районунун Босого жайлоосунда “Кыргыз көчү-2024″ туристтик жана “Кыргыз даамы-2024” этно-фестивалы өтөт. Учурда ага карата даярдык иштери жүрүүдө.

Фестиваль алкагында  ата-бабадан келе жаткан кыргыз көчүнүн маанисин жана кыргыз даамдарынын  чагылдырган театралдаштырылган оюн-зоок менен ачылат.

Ошондой эле райондогу айыл өкмөттөр арасында улуттук оюндар боюнча турнирлер жана конкурстар өтөт.

Иш чара атамекендик өндүрүшчүлөрдүн, улуттук даамдардын, улуттук буюм- тайымдардын  көргөзмөлөрү менен коштолуп, алар калыстардын сынына коюлат. Мындан тышкары, концерттик номерлер тартууланып, чебер класстар, балдарга арналган өнөр сабактары маданий иш чараны коштойт. Маалыматтарга караганда Казакстандан дагы ырчылар чакырылган.

“Кыргыз көчү-2024” туристтик жана “Кыргыз даамы-2024” этно-фестивалы саат 10.00до Босого жайлоосунда башаталат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.