Ат-Башы районундагы “Ат-Башы эт” комбинаты жыл башынан бери 40 тонна продукцияга буюртма алса анын жарымын өндүрүп бүттү.
Цехте учурда суткасына үй, топоз этинен беш миң банка тушонка, гречкадан, арпадан жана күрүчтөн 6 миң банка ботко даярдалат. Бул азыктар Коргоо жана Ички иштер министирлигине, Чек ара кызматтарынын буюртмасы менен өндүрүлүүдө.
Алдыда чучбара, тифтели, жана фрикадельки өндүрүүнү жана цехти чоңойтууну пландап жатышат. Бул максаттар ишке ашса аталган азыктар Кытай жана Орусияга экспорттолот.
Цехтин кубаттуулугу күнүнө 160 кой, 30 баш бодо мал сойгонго ылайыкталып 73 миллион сомго курулган. Мунун 8 миллион сому мамлект тарабынан 6 пайыздык чен менен насыяга берилген.