DOLON MEDIA

Ат-Башы: 6 жаштагы бала сууга чөгүп каза болду

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы Ат-Башы суусуна 6 жаштагы бала сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 18-июнда саат 12:00 чамасында болгон. Окуя Ат-Башы РИИБи тарабынан каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, алты жаштагы бала бир нече жашы жете элек достору менен сууга түшүп ойноп жатып, күтүүсүздөн терең жерге түшүп кеткендиги аныкталып, сөөгү табылган.

Учурда тийиштүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.