DOLON MEDIA

Ат-Башы: 47 жаштагы жаран баңгизат менен кармалды

Ат-Башы районунун 47 жаштагы тургуну  8 килограммдан ашык баңгизат менен кармалды.

Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы тараткан маалыматка таянсак, 12-октябрга караган милиция кызматкерлери Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунан  “VOLVO-FH” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаасын токтотуп текшерген учурда, андан боз түстөгү каптан өзгөчө жыты бар өсүмдүк тектүү зат табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, аталган зат марихуана баңгизаты экени аныкталып, жалпы салмагы 8 килограмм 580 грамм болгон.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган баңгизатын өзү колдонуу үчүн Жети-Өгүз районунан  Ат-Башы районуна алып келе жатканы аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза Кодексинин  “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо”  беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.