Ат-Башы районунда 1400 гектар айдоо аянтына сугат суу жеткирген алты чакырым канал курулуп бүттү.
Бул канал аркылуу райондун Кара-Суу жана Кара-Булуң айылдарынын дыйканчылык талааларына сугат суу барат. Анын курулушу 2023-жылы башталып өлкө казынасынан 25 млн. сом сарпталган. Бөлүнгөн бул суммага курулушка керектелүүчү материалдар алынып, курулуш иштери ашар жолу менен буткөн. Алардын эмгек акысына Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынанун жана суу май берилген.