DOLON MEDIA

Ат-Башы: 210 спортчу катышкан республикалык мелдеш

Ат-Башы районунда дзюдо күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында Республикалык алкакта мелдеш өттү. Бул спорттук мелдеш Ишеналы Турганбаевдин жаркын элесине арналып, ага 210 спортчу катышты.

Республикалык мелдештин ачылышына район акими Эмилбек Абдыкадыров катышып, “дзюдо” күрөшүнүн райондо кеңири жайылышына М.Өмүракунов атындагы балдар-уландар спорт мектебинин жалпы жамаатынын эмгеги зор экенин белгилеп, спорттун  бул түрүнө кызыккан жаштардын саны көбөйүп, дени сак муундун тарбияланышына салымы чоң экенин кошумчалады.

Мелдештин жыйынтыгында, жалпы командалык эсепте, 1-орунду Ат-Башы районунун спортчулары, 2-орунду Жумгал районунун командасы, 3-орунду Чүй облусунун командасы камсыз кылышып, диплом, медаль жана кубоктор менен сыйланышты.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.