DOLON MEDIA

Ашууларда жол ачык, каттам бар

Бүгүн, 10-мартка карата Нарын облусунун аймагындагы бардык унаа жолдордо, ашууларда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар.

Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык бөлүмүнөн билдиришкендей, жол тейлөө мекемелеринин кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, тазалоо, кооптуу тилкелерине  кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.

“№41-Жол тейлөө мекемесинин жолчулары Кызыл-Бел ашуусунда жана Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 306-346-чакырым аралыгындагы Оттук капчыгайынын ичинде иштеп, кум-туз араламшмасын чачып жатышат. Мындан тышкары жол боюнда чогулган  ар кандай таштандыларды тазалап, таштанды төгүүчү жайга ташып жатышат. Аталган жолдор ачык, каттам бар”,-деди бөлүмдүн башчысы Кубан Токобаев.

Ал эми Нарын ОИИБнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү аба ырайы кескин өзгөргөнүнө байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга  киргизилген убактылуу чектөө алынганын билдирип, жол тескөөчүлөр жол коопсуздугун камсыздап Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда иштеп жатышканын маалымдады.

Жолчулар жана жол сакчылар кандай кырдаал  болбосун  айдоочулар  жолдо жүрүүдө жол эрежелерин, унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты  так сактап, каршы тилкеге чыкпоого чакырат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.