Нарын облустук мамлекеттик тарыхый-этнографиялык музейде “Арктикада көчмөндөр” аталышындагы сүрөт көргөзмө ачылды. Көргөзмөдө музей кызматкерлери -50 даража суук аймак болгон Арктикада жашаган 17 улуттун каада-салты, жашоо-турмушу тууралуу маалымат беришти.
Көргөзмөгө Россиянын мамлекеттик этнографиялык музейинен алынып келинген 50дөн ашык сүрөттөр коюлган жана бир ай боюу кызыккандарга маалымат берилип турат.
“Арктикада жашаган якут, хакас жана башка улуттардын маданияты, эмне үчүн көчмөн турмушта жашап калган, алар багып жүргөн түндүк бугуларынын өзгөчөлүгүн чагылдырган көргөзмө уюштурдук. Кызыккан адамдар Арктиканын географиялык абалы, планетадагы эң суук катаал жерде жашаган элдин жашоо турмушу тууралуу маалымат ала алышат”,-деди аталган музейдин экспозиция бөлүмүнүн башчысы Нарынкүл Кыдырова.
Арктикада эскимос, чукча, якуттар өндүү 17 ар башка улуттардын өкүлдөрү жашайт. Бирок саны аз келип, бардыгы 50 миң гана адамды түзөт.