DOLON MEDIA

“Апрелчилерге” деген тигүү фабрикасы курулуп жатканы белгилүү болду

Министрлер кабинети “7-апрель ынтымагы” ачык акционердик коомуна бөлүп берген жерде 15-20 күн мурун тигүү фабрикасы, бала бакча жана дагы бир имараттын курулушу башталганы белгилүү болду. Бул тууралуу өзүн мастер деп тааныштырган Жеңиш Нусубалиев 26-июнда “Азаттыктын” кабарчылары курулуш жүрүп жаткан жерге барганда айтты. Анын сөзүнө караганда, 25-июнда “апрелчилер” барып курулуш иштерин көрүп кетишкен. Ал кимдер келгенин тактаган жок. “Ош базары” жана Батыш автобекети көчүрүлөт делген жерге жакын жерден бөлүнгөн аймакка түшүп жаткан тигүү фабрикасынын курулушун ким каржылап жатканы боюнча маалымат жок. Президент Садыр Жапаров 22-июнда “Кабар” агенттигине курган маегинде 2010-жылдагы Апрель окуясында жабыр тарткан адамдар Курманбек Бакиевден кун төлөтүп алууга жардам берүүсүн суранып кайрылганын айткан. Президент алар “Курманбек Бакиев 200 кишилик тигүү фабрикасын куруп берүүнү убада кылган” деп айтышканын жана ал үчүн 1 гектардан ашыгыраак жер бөлдүрүп бергенин айткан. Социал-демократтар партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков мамлекеттен жер алган “7-апрель ынтымагы” коомунун жетекчиси Усупбий Шеримбаев 2022-жылы жашы жете элек балага сексуалдык аракет кылган деген негизде соттолгонун, кийин пробация жазасы менен эркиндикке чыкканын билдирген. Бул маселе Жогорку Кеңештин 26-июндагы жыйынында да көтөрүлдү. 2010-жылы Апрель окуясынан кийин түзүлгөн “Айкөл Ала-Тоо”, “Мекен шейиттери”, “Апрель элим Кыргызстан”, “Апрель байрагы” жана “Эр теги” коомдук бирикмелердин жетекчилери 25-июнда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, Беларуста баш калкалап жүргөн Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга келишине каршы экенин айтышты.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.