Бүгүн, 7-апрелде Апрель Элдик революциясына 16 жыл толду. 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда Курманбек Бакиев башында турган бийлик ыңкылап жолу менен кулаган. Анда Бишкектин борбордук аянтында нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, 87 кишинин өмүрү кыйылып, жүздөгөн демонстранттар оор жарааттарды алышкан.
Апрель Элдик революциясынын 16 жылдыгы Нарын шаарындагы “Тянь-Шань” паркында апрель ыңклабында курман болгон эр азаматтардын элесине арналып тургузулган эстелик алдында белгиленди. Алгач 7-апрель күнү каза болгон жана кийин алган жаракаттарынан улам көз жумган теңиртоолук мекендештерибизге эскерүү мүнөтү жарыяланып, асманга ок атылып, куран окулуп, эстелик алдына гүл чамбар коюлду.
Эскерүү иш-чарасында облус башчысы кыргыз эли мыйзамды, акыйкаттыкты, эркиндикти, чындыкты сүйгөн эл экенин далилдеп келгенин, анын бир далили 7-апрель күнү экенин белгилеп, апрель окуясында курман болгон мекендештерибиздин жакындарына сабыр тилеп, ден соолук каалады.
Элдин эркиндиги жана акыйкаттык үчүн болгон бул окуяда 25 теңиртоолук эр азаматтар аянтта атылган октон курман болсо, 72 жаран ар кандай жаракаттарды алышкан.
Апрель революциясы өлкөдө башкы күч эл экендигин, Кыргыз элинин кандында акыйкаттык, калыстык, эркиндик үчүн баатырдык мүнөз бар экенин далилдеген окуя катары тарыхта калды.




