Нарын шаарындагы №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде чыгаан акын, комузчу, ойчул, күүчү, обончу Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына карата “Алп акын Арстанбектин талантына таазим” деген темада шаардык деңгээлде семинар өттү.
Анда акындын терме жана санат ырларындагы адап-ахлак, тарбия маселеси боюнча ачык сабактар, көркөм казынасы боюнча “Билерман ордо” интеллектуалдык сынагы, чыгармачылыгына арналган “Керемет талаа” оюну, ата-энелер менен “Бирге окуйбуз!” таймашы уюштурулуп, акындын унутулгус мурастары даңазаланды.
Ошондой эле мугалимдер жана окуучулардын күчү менен даярдалган Арстанбек Буйлаш уулунун бала чагын чагылдырган театрлардык көрсөтүүлөр тартууланып, Ж.Шералиев атындагы балдардын искусство мектебинин алдындагы эл аспаптар ансамбилинин аткаруусунда улуу ойчул, комузчунун күүлөрү жаңырды.