DOLON MEDIA

“Ала-Тоо” стадиону эл аралык стандартта реконструкцияланат

Нарын шаарындагы “Ала-Тоо” стадиону эл аралык стандарттар менен  заман талабына ылайык рекнострукцияланат.

Буга чейин стадиондун чек аралары такталып, С.Орозбаков көчөсү тарабындагы муниципалдык жерлер ижарадан кайтарылып алынып, ээлери тарабынан  бузулуп, учурда стадионду куруу иштерине даярдык көрүлүүдө.

“Кыргыз футбол биримдиги тарабынан республика боюнча стадиондорго көңүл бурулуп,  кайра куруу иштери башталды. Алардын катарында биздин “Алат-Тоо” стадиону дагы бар.

УКМК төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев өткөн жылдын ноябрь айында стадионду көрүп кеткен. Андан бери стадиондун чек аралары такталып,  базар жак бөлүгүндөгү убактылуу ижарага берилген муниципалдык жерде  жайгашкан соода түйүндөр, дүкөндөр бузулуп жатат.

Бул чоң долбоор.  Ага кошумча стадиондо жайгашкан  “Ала-Тоо” балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин башкы имараты, скалды, эки кичи футболдук талаалары дагы бузулуп,  стадион эл аралык стандартка ылайык кеңейтилип, бардык шарты менен  5 миң орундуу болуп салынат. Долбоор 2025-26-жылдары толук аяктайт”,-деди  “Ала-Тоо” балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Элзар Мусаев.

Маалыматка караганда, “Ала-Тоо” стадиону 1974-75-жылдары ишке берилген. Андан бери капиталдык ремонт иштери жүргөн эмес. 2005-жылы Нарын шаардык мэриясы тарабынан көрүүчүлөр үчүн орундуктар коюлуп, футбол талаасы  демөөрчүлөрдүн жардамында өндөп-түзөөдөн өткөн.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.