DOLON MEDIA

Акыйкатчы интернеттеги жалган жалаа үчүн айып салган долбоорду артка кайтарууну сунушта

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы 27-сентябрда билдирди. Жаманбаева сөз эркиндигинин, адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы маанилүү экенин, ар-намысты, кадыр-баркты, ишкердик беделди сактоо үчүн сотко кайрылуу керектигин белгилеген. Билдирүүдө мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн айып пулдун ченеми Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 31-беренесине ылайык, жеке жана юридикалык жактарга каралган чектен бир топ көп экени жазылган. “1000 жана 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул жазасы – негизсиз жогору. Андан сырткары, мыйзам долбоорунда жоопко Маданият, маалымат жана туризм министрлиги эмес, сот тарабынан тартылышы керектиги эске алынышы шарт. Анын үстүнө укук бузууга белгиленген жаза кылмыштын жазасынан бир топко төмөн болушу керек. Ал эми жалаа жабуу жана мазактоо кылмыш эмес”, – деди Жаманбаева. Акыйкатчы мыйзам долбоорунун демилгечилерин карама-каршылыктарды жоюуга жана жарандардын конституциялык укуктарын сактоону камсыз кылууга, эл аралык укуктук нормалардын сакталышына каршы келген жоболорду долбоордон алып салууга чакырды.

Кыргызстанда 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам боюнча ЖМКга чыккан кайсы бир маалымат боюнча арыз түшсө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги соттун чечими жок эле ЖМКнын ишин эки айга токтотуп, сайтын бөгөттөп коё алат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.