DOLON MEDIA

Академик Мамбет Мамакеев дүйнө салды

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагында опол-тоодой орду бар, белгилүү хирург, профессор, КР Эл баатыры, академик Мамбет Мамакеев 97 жаш курагында каза болду.

Мамбет Мамакеев 70 жылга жакын иш тажрыйбасында 30 миңден ашык операция жасаган. Дүйнөдөгү эң кары хирургдардын бири Мамбет Мамакеев 97 жашка чыкканына карабай ишин улантып келди.

1960-жылдары Мамбет Мамакеев доктордук диссертациясын негизги илимий эмгектери өт ооруларын дарылоо, өттөгү ташты хирургиялык жол менен алуу, ошондой эле бейтаптарга хирургиялык шашылыш жардам көрсөтүүгө арнады. 1974-жылы госпиталдык хирургия кафедрасында иштеп жүрүп профессор наамын алган. 120 ашык илимий эмгектердин автору.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.