DOLON MEDIA

Ак-Талаада сел жүрдү

Маалымат түшөөрү менен Ак-Талаа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ сел каптаган тилкеге тартылган. Алар барганда 2 турак үйдүн короо жайына жааган жаандын кесепетинен агын суулар киргендиги аныкталган, куткаруучулар тазалоо иштерин жүргүзүп, бөлүккө 19:40 да кайтып келишкен. Бул тууралуу ӨКМдин Нарын облусундагы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, тазалоо иштеринен соң Баетов айыл өкмөтүнүн башчысына жана тиешелүү кызмат адамдарына суу өтүүчү арыктарды казуу, тазалоо боюнча сунуш берилген.
Алдын ала маалыматка караганда, бүгүн, 23-июлда саат 16:00 чамаларында жаап өткөн катуу жаандан улам Баетов айылында Абышбаев көчөсүнүн №17 жана №13 дарегинде турак үйлөрдүн короо сарайларын сел суулары каптаган. Ошондой эле, Чолок-Кайың менен Жерге-Тал айылдарынын ортосунда суусу какшып калган Акылбектин сайына суу толуп, андан ашып аянттарды каптаган. Мындан тышкары, сел Баетов – Кош-Дөбө унаа жолун каптап, унаалар өтө албай калган. Аталган тилкеде эч кандай турак үй жана курулуштар жок. №15-Жол тейлөө ишканасынын грейдери тартылып, жол калыбына келтирилген.
Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.