Баетов айыл өкмөтү 2022-2023 –окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган окуучунун мектебин сыйлайт. Ал үчүн Баетов айылынын жергиликтүү бюджетинен 100 мин сом бөлүнөт. Аталган айыл өкмөтү бекиткен жободо сынактын максаты, 11-класстар арасында мыкты окуучуну жана мыкты мектепти аныктоо болуп саналат.
Эске сала кетсек, Нарын шаарынын мэри да жакшы балл алган окуучунун мугалимине автоунаа белек болоорун айткан.