DOLON MEDIA

Ак-Талаа: Таза суу долбоору башталды

Баетов айылында “Таза суу”  долбоору башталып, учурда Кубан Карагулов атындагы көчөдө траншея казуу иштери жүрүүдө.

Аталган айыл өкмөттүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Мадина Мыдыкееванын маалыматына караганда,  Баетов айыл өкмөтүнүн З. Ашырбаева көчөсүнүн күн чыгыш тарабына 80 метр тереңдикте 1 скважина казылып бүтүп, өткөрүлүп алынды.

“Мындан сырткары БСР тарапка суу тартуу үчүн траншея казылып жатат. Керектелүүчү материалдар  толугу менен келип түшкөн.  Жүрүп жаткан курулуш жумуштарга Баетов айылы үчүн АРИС уюму тарабынан 2 технадзор, Кайыңды – Булак айылы үчүн 1 технадзор көзөмөл жүргүзүп жатат. Ошондой эле Баетов айыл өкмөтү өзүнчө 1 технадзор жалдаган. Жүрүп жаткан курулуш жумуштардын бардык техникалык шарттары тыкыр көзөмөлдөнүп жатат”,-дейт М. Мыдыкеева.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.