DOLON MEDIA

Ак-Талаа: Сарык оорусунун 21 учуру катталды

Ала-Буга айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылында жыл жаңыргандан бери  гепатиттин А түрүнүн жаңы 21 учуру катталган. Булардын ичинен 11и мектеп окуучулары арасында, калган 10у  айыл тургундары.

Нарын район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Ак-Талаа району боюнча жетекчиси Эрлан Бекишовдун маалыматына караганда,  илдет катталган аймакта бардык иш чаралар жүргүзүлүп жатканы менен илдеттин таралуусу токтой элек.

“Гепатиттин А түрү Кош-Дөбө айылында 2024-жылдын сентябрь айында катталып баштаган. Катталган учур көбөйүп, бейтаптардын 11и  райондук ооруканада, калган 17 бейтап үйдө амбулатордук түрдө  дарыланышкан.  Булардын 23ү мектеп окуучулары болгон. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери жеринде  көзөмөлдөп, эл арасында илдетти алдын алуу, санитардык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат”, -деди Э.Бекишов.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.