Кара-Бүргөн айылындагы орто мектепке демөөрчүлөр тарабынан 69 миң сомго окуу китептери алынды.
Аталган айылдын Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинин директору Гүлкайыр Майрыкееванын айтымында, 2024-2025-окуу жылына карата 9-10-11-класстын окуучулары үчүн Америка Кошмо Штаттарынан келген “Тынчтык корпусунун” ыктыярчысы Алекс Лоу, айылдын тургуну Алмаз Суранбаев жана бир катар ата-энелердин демөөрчүлүгү менен 90 даана англис китеби алынып берилди. Жалпы наркы 49 миң 500 сомду түзөт.
Мындан тышкары, айыл тургундары Чолпонбай Майрыкеев, Бакыт Сыдыков, Гүлайым Майрыкеева тарабынан 14 миң 600 сомго 2-3-класстын окуучуларына 73 даана адабий окуу китеби, ошондой эле 4-класстын окуучулары үчүн Улан Сатыбалдиев жана анын жубайы Айсулуу Канкожоева 5 миң сомго 15 даана адабий окуу китебин алып бергендигин кошумчалады.