DOLON MEDIA

Ак-Талаа: Мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүргөн жаран кармалды

Ак-Талаа районунда ок атуучу курал менен мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн 55 жаштагы жаран кармалган. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат кызматы жарыялады.

Маалыматка караганда, Ак-Талаа  райондук ички иштер бөлүмүнүн  кызматкери 5-февраль күнү саат 21:50 чамасында райондогу Жаңы-Талап айылынын Ак-Терек участкасында белгисиз жаран ок атуучу курал менен мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жеринен кармалгандыгы тууралуу 102 кызматына билдирген.

Бул факты  Ак-Талаа РИИБдин каттоосуна алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

“Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда Жаны-Талап айылынын тургуну 1970-жылы туулган жаран документи жок «ТОЗ-8М»  сайлуу, 5,6 мм калибриндеги анчылык ок атуучу куралын жана 5,6 мм калибриндеги 2 даана ок дарыны  уруксат кагазы жок болгондугуна карабастан атамдан калган эстелик деп сактап, колдонуп жүргөндүгү аныкталган.

Териштирүү учурунда мыйзамсыз анчылык ок атуучу курал ок атууга жарактуулугун аныктоо максатында соттук-баллистикалык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында  жогорудагы курал ок атуучу курал болуп эсептелинет, курал техникалык жактан жараксыз, бирок ок атууга жарактуу деп көрсөтүлгөн.

Жогорудагылардын негизинде,  Кылмыш жаза кодексинин 267-беренесинин ( куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери байкалгандыктан кылмыш иши козголуп тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат”,-деп айтылат Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.