DOLON MEDIA

Ак-Талаа: Китепканадан чыккан өрт, айыл башчынын имаратын жалмады

Байгөнчөк айылындагы китепканадан чыккан өрттөн улам, айыл башчынын имараты толук күйүп кетти.  Бул тууралуу Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт чыккан жерге  Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүүчүлөрү барган учурда айыл башчынын имараты толугу менен күйүп, чатыры ичти көздөй кулап калган. Ичиндеги эмеректер дээрлик бардыгы күйүп кеткен.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн  жардамында өрт  курчоого алынып, толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттөн жабыр тарткандар жок. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себеби жана  социалдык-экономикалык чыгымы такталууда.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.