DOLON MEDIA

Ак-Талаа: 37 миллион 444 миң сом өздөштүрүлбөй турат

Үстүбүздөгү жылы Ак-Талаа районундагы капиталдык курулуштар, капиталдык ремонт, жол, ирригация тармактарына республикалык бюджеттен 546 миллион сом акча каражаты каралган. Анын ичинен 304 миллион сом акча каражатынын жумуштары аткарылган.  Мындан тышкары таза суу системасына 584 миллион сом каралып, анын 134 миллион сому өздөштүрүлгөн.

Маалыматка караганда, район боюнча бүгүнкү күндө 37 миллион 444 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджетте өздөштүрүлбөй турат. Айыл өкмөттөрү боюнча алганда Ала-Бугада 15 млн 429 миң сом, Кара-Бүргөндө 2 млн 174,7 миң сом,  Баетовдо 5 млн 646,8 миң сом, Тоголок-Молдодо 10 млн 704,8 миң сом, райондук өнүктүрүү фондунда 3 млн 489,3 миң сом бар.

Дубан башчы Алтынбек Эргешов районго болгон жумушчу сапарында бул каражаттарды жылдын аягына чейин өздөштүрүүнү акимге жана айыл өкмөт башчыларына тапшырып, өздөштүрүлбөй калса чара көрүлөөрүн эскертти.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.