DOLON MEDIA

Ак-Талаа: 275 орундуу мектеп курулууда

Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылындагы Б.Календеров атындагы 275 орундуу мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалым болгондой, билим берүү уясынун курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери 2015-жылы башталган. Мектептин эски имараты 1958-жылы ашар жолу менен салынып, ал эми 1982-жылы экинчи корпусу салынган. Бул жылдар аралыгында имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтпөгөндүктөн, авариялык абалга келип калган. Бүгүнкү күндө жаңы курулуп жаткан корпустун экинчи кабатынын дубалы тургузулуп, чатырын жабуу иштери жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.