20-март Орозо Айт майрамы Эмгек кодексине ылайык иш күнү эмес болуп эсептелинет. Нарын облусунда айт намазы Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын (Муфтияттын) чечимине ылайык мечиттерде окулат. Ал эми Нарын шаарындагы жети мечитте: Городок аймагында “Али” мечитинде, Борбордук чөлкөм “Абувакас” мечитинде, 64 чөлкөмү “Билал” мечитинде, М. Сыдыков атындагы чөлкөмдө “Жакыпбек Ата” мечитинде, РТС аймагы “Аюб” мечитинде, Эски военкомат аймагы “Зид” мечитинде ал эми Төш-Булак аймагында “Абубакр” мечитинде айт намаздары окулат.
Элеттеги жалпы айттык программа:
07:30 — 08:00 — Куран окуу;
08:00 — 08:25 — диний баяндар;
08:25 — 08:30 — айт намазын окуу тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;
08:30 — айт намазын окуу.
Белгиленгендей, тоолуу аймактардын өзгөчөлүгүнө байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн убакыттардын бир аз айырмаланышына уруксат берилет.
Ал эми Бишкек шаарында Орозо айт намазы Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.



