Облустук коллегияда айрым айыл өкмөт башчыларынын иши сынга кабылды. Алар жарандардан келген арыз даттанууларга өз убагында жооп бербегендер жана кайрылууларды кароо тартибинин талаптарын өз убагында аткарбагандар. Жыйын жүрүшүндө облус башчысы Алтынбек Эргешов алардын ар биринен анын себептерин сурап, мындан ары мамиле катуу болоорун эскертти.
Ошондой эле ал айыл өкмөттөрдүн иштөөсүнө тиешелүү шарттар түзүлүп, колдоо иретинде каражат, унаалар дагы алынып берилгенине карабастан, айрым тармактарда көрсөткүчтөр канааттандыраарлык эмес экенине токтолуп, кагаз иштерин алып бара албаган айыл өкмөттөрдүн ишин сынга алды.
Мындан тышкары функционалдык милдеттерин так аткарбаган жана билип туруп жасабагандарга аракетсиздик үчүн дагы чара көрүүнү тиешелүү органдарга тапшырды.