DOLON MEDIA

Аймактарда ипотекалык үйдүн баасы кандай?

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев фейсбуктагы түз эфирде аймактардагы ипотекалык үйлөрдүн баасын айтты.

Нарын, Ысык-Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарына бардык курулуш материалдары Бишкектен ташылып баргандыктан, ипотекалык үйлөрдөгү батирлердин чарчы метри 700 доллардан бааланып, курулууда.

Анын айтымында, Чүй облусу менен Бишкек шаары боюнча курулуш материалдары ушул жерден эле алынганына байланыштуу батирдин 1 кв. метри бардык шарттары менен 650 доллардан баштап бааланган.

“Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы жана куруп жаткан 3 компания бүгүнкү күндө материалдарды жеткирүү боюнча жол кире акысын кошуп, 700 доллардан деген баа коюлган. Себеби, бул аймактарга арматура жана башка курулуш материалдарын Бишкектен ташып барышат. Ошол үчүн бул аймактарда бир чарчы метри 50 долларга кымбатыраак”, – деди Каныбек Туманбаев.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.