DOLON MEDIA

Курман айт намазы мечиттерде окулат

6-июнь-Курман айт майрамы деп белгиленди. 5-июнь арапа күнү. 6-июнь күнү айт намазы мечиттерде окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маалымдады.
Айт намазы саат 07:30да башталып, жума мечиттерде жана казыят тарабынан уруксат берилген мечиттерде окулат.
Кыргызстанда Курман айт майрамы жума күнгө туура келгендиктен, ишемби жана жекшемби күндөрүн кошкондо 3 күн катары менен эс алуу.
Курман айт — мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири. Бул майрам Орозо айт өткөнүнө 70 күн болгондон кийин майрамдалат. Айт бардык момун мусулмандардын эң ыйык майрамынын бири болуп саналып, боорукерликтин, ыймандуулуктун үлгүсү.
Айт намаздан соң, кудурети жеткен адамдар курмандык чалып, малдын этин муктаждарга таратып беришет. Мусулмандар айт күндөрү бири-бирин куттукташып, айтташып, бири-бирине зыярат кылышат. Барган жерлеринен түркүн даам татышып, шариятка шайкеш майрамдык маанайда шаң салтанатта өткөрүшөт. Айт күндөрү ак жолдун алкагында ар кандай майрамдык иш-чараларды, оюн-зоокторду өткөрүүгө жол берилет.
Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.