Жакында сайтыбызга атайын корголуучу айбанаттардын, өсүмдүктөрдүн тизмесин тактоочу Кызыл китеп боюнча макала жарылаганбыз. Анда тиешелүү министрликке жөнөткөн сурообузга жооп кечиккен эле.
Бул жолу биз Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар башкармалыгынын жетектөөчү адиси Эльчибек Торогельдиев менен баарлаштык. Анын айтымында, Кыргызстандын Кызыл китебинин экинчи басылышы Министрликтин иш-аракети менен вендомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, Кызыл китепти жаңылоого каражаттары такталып, иш жүргүзүү алдында турат.
(Эскерте кетсек Кызыл китепти басып чыгаруу ар бир 10 жылда болуш керек болсо учурда ал китептин чыкпай турганына 7-8 жыл болду. Мыйзамда, Токтомдо ар бир он жылда делген, ал боюнча 2017-жылы эле Кызыл китеп басмадан чыгыш керек эле.)
2007-жылы жарыкка чыккан Кызыл китеп коомчулукка жеткиликтүү. Себеби, аны китепканалардан, илимий мекемелерден жана интернет булактарынан тапса болот. Бирок кээ бир өзгөчө маалыматтар адистер үчүн гана арналышы мүмкүн деп билдирди Э. Торогельдиев
Ал эми биздин Элдик Кызыл китеп даярдаса болобу, экология менен катнашта болуу жаратылыш койнунда тамак ичүү, ойноо менен чектелбестен эстетикалык тарбия, экологиялык маданиятты өстүрүү эмеспи, мисалы карапайым калкка жеткиликтүү болгон Кызыл китеп сыяктуу деген сурообузга:
Элдик Кызыл китепти даярдоого мүмкүн. Бул китеп экологиялык тарбияны өнүктүрүп, карапайым калкка жеткиликтүү жана түшүнүктүү форматта сунушталса, жаратылышты коргоо боюнча коомдук аң-сезимди жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Экология менен байланыш болгондо, жаратылыш койнунда тамактануу же эс алуу гана эмес, эстетикалык тарбия алуу, экологиялык маданиятты өстүрүү да маанилүү. Ошондуктан, элге түшүнүктүү жана жеткиликтүү тилде жазылган Кызыл китептин элдик версиясы чоң пайда алып келмек. Ал мисалы, сүрөттөр, интерактивдүү элементтер, элдик уламыштар жана колдонмо сунуштар менен толукталса, экологиялык маданиятты кеңири жайылтууга өбөлгө түзмөк.
Ал эми өлкөбүздөгү коруктарга, улуттук паркттарга, Ала-Арча баш болуп, адамдар эс алууга, жаратылыш койнунда сейилдөө үчүн да барышат. Бирок ал жерлерге жылына канча адамдарды кабыл алса жаратылышы бузулбайт деген эсептөөлөр болуш керек. Менимче ал эсептөөлөрдү жүргүзүү ишке ашыруу аталган министрликке жүктөлгөнү туура болот.
Кыргызстандагы корук, улуттук парк сыяктуу корголуучу зоналарга канча адам жылына кирип чыгуу боюнча эсептөөлөр барбы? Болсо Салкын-Төргө Нарындагы канча адам жылына кирип чыгыш керек?
Кыргызстандагы коруктарга жана улуттук парктарга канча адам жыл сайын кирип-чыгаары боюнча эсептөөлөр жүргүзүлөт. Бул эсептөөлөр ар бир корголуучу аймактын экологиялык көтөрүмдүүлүгүнө, туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө жана мамлекеттик стратегияларына жараша жүргүзүлөт.
Салкын-Төргө (Нарын облусу) жыл сайын болжол менен 220 миң адам кирип-чыгышы керек деп пландалган. Бирок так сандар расмий булактардан жана акыркы изилдөөлөрдөн алынган маалыматтарга жараша өзгөрүшү мүмкүн экендигин билдирди башкы адис Э. Торогельдиев.
Өлкөбүздө жок болуп бара жаткан айбанаттар, өсүмдүктөрдү ким тааныйт, ким Кызыл китепке киргизет, адистер жетиштүүбү деген бир суроо пайда болду. Анткени жакында эле Кыргызстанда Кундуз жок калды деп республикабыздагы ЖМКлардын басымдуу бөлүгү жазып чыктыю. Бирок интернеттеги ачык булактарда тескерисинче Кундуздардын көбөйгөндүгүн айткан эле.
Министрликтин кызматкери белгилүү бир сайтка 2024-жылдын май айынын башында Кыргыз Республикасынын Кызыл китепке кирген 17 кундуз бар, бир баш кошулду деп маалымат берген, бирок биология илимдеринин кандидаты Аскар Давлетбаков 2025-жылы Азаттыкка берген маегинде кундуз жок калды деп билдирди.
Кимге ишенсе болот, алардын бар жогун ким аныктайт?
Бүгүнкү күндө Орто Азия кундузунун Кыргыз Республикасынын аймагында так санын айтууга кыйын жана бул маселе боюнча Кыргызстандагы Орто Азия кундузун сактоого 2025-жылдын 6-февралында UNEP, GЕF, SGP колдоосу менен Орто Азия кундузун кайра абалына келтирүү, мониторинг жүргүзүү жана санын көбөйтүү боюнча чараларды иштеп чыгуу долбоору каралган.
Жогорудагы аталган жыйынга Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери жана экология жаатындагы бейөкмөт уюмдарынын кызматкерлири менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагындагы байырлаган Орто Азия кундузунун азыркы акыбалы боюнча ой-пикирлер, талкуулоо болуп өттү.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын аймагындагы байырлаган Орто Азия кундузунун так санын билүү үчүн бардык республиканын региондоруна мониторинг жана илимий изилдөө иштери жүргүзүү керектиги боюнча бирдиктүү чечим кабыл алынган.
Ошондой эле азыркы учурда, аталган маселе боюнча, мониторинг жана илимий иштерин жүргүзүү үчүн акча каражат булактарын табуу иш-чаралдары жүрүп атат.
Коруктарда жана башка корголууга жаткан жаратылыш аймактарында адистер жетиштүүбү?
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө коргоолучу жаратылыш аймактарында квалификациялык талаптарга жооп берген адистер жетиштүү эмес, себеби эмгек акылары төмөн болгондуктан кадрлардын көп кызыгуусу жок.
Албетте жоопторго толук маалымат албасак да, кызматташуу башталды.
Бул жолу биз Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар башкармалыгынын жетектөөчү адиси Эльчибек Торогельдиев менен баарлаштык.
Бизге берген маалыматтагы пландар ишке ашат деп үмүттөнүп, көз салып, удулу келгенде окурмандарга кабар кылып турабыз.
Жаркын Ибраева.