DOLON MEDIA

7 акимдин орун басарлары кызматтан кетти

7 акимдин орун басарлары кызматынан кетти. Мындай чечим бүгүн “Ынтымак Ордодо” өткөн президенттин администрациясынын коллегиясында кабыл алынды.

Кызматынан кеткен аткаминерлер жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин талаптагыдай уюштурбагандыгы үчүн дисциплинардык жазалар колдонулду:

Кызматынан кол жууган акимдин орун басарлары:

– Таалай Ибраимов – Баткен районунун акиминин биринчи орун басары;

– Кишимжан Кыдырова – Баткен районунун акиминин орун басары;

– Мээрихан Асанова – Кадамжай районунун акиминин орун басары;

– Айна Нават кызы – Токтогул районунун акиминин орун басары;

– Туратбек Кулешов – Нарын районунун акиминин биринчи орун басары;

– Адилет Жолдошев – Талас районунун акиминин орун басары;

– Маматиса Кокоев – Кара-Кулжа районунун акиминин орун басары.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.