DOLON MEDIA

64 чөлкөмүндө мыйзамсыз курулуштар бузулууда

Нарын шаарынын 64 аймагында Нарын дарыясынын жээгине салынган  мыйзамсыз курулуштар бузулуп, орду тазаланып жатат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан алынды.

Бул  чөлкөмдөгү 15 склад, гараж, 13 темир тосмолор менен мыйзамсыз тосулган жеңил курулуштар шаардык муниципалдык менчикти башкаруу ишканасы тарабынан бузулуп жатат.

Жер аянты тазалангандан кийин жээктин инфраструктурасын жакшыртуу, коопсуздандырып, тийиштүү шарттары менен аллея  салуу долбоорлонууда. Бул долбоор “Жээк” аллеясынын экинчи этабы болот.

Маалымат үчүн белгилесек, буга чейин мыйзамсыз тосулуп, корулуп алган 19 миң 674 чарчы метр жер аянты бошотулган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.