DOLON MEDIA

5-мартта Омандан мекендештерибизди алып биринчи учак учуп келет

Перс булуңунан эвакуацияланган кыргызстандыктар түшкөн учак 5-мартта саат сегизде “Манас” аэропортуна келет. Омандан келүүчү биринчи каттам 180 адамды алып келет. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” мамлекеттик ишканасы маалымдады. Каттамды “Аэрономад” компаниясы жүргүзөт. Президент Садыр Жапаров 3-мартта Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жүргөн кыргызстандыктарды эвакуациялоо иштери жүрүп жатканын, Оман мамлекети менен макулдашып, эки учак менен 300 киши алынып келинерин билдирген.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.