DOLON MEDIA

40 казан сүмөлөк кайнатылат

Нарын шаарында Нооруз майрамынын алкагында “Мыкты сүмөлөк” сынагы өтөт. Ага  облустагы ар бир район катышып, жалпы 40 казан сүмөлөк кайнатылат.

Сынакка “Кыргыз биримдик” коомдук бирикмеси жана “Тапсаң сеники” долбоорунун негиздөөчүлөрү демөөрчү болуп, уюштуруу иштерине 1 миллион 500 миң сом жумшашууда. Эң даамдуу жана нак сүмөлөк деп табылган “Мыкты сүмөлөккө”  акчалай байгелер берилет.

Уюштуруучу Дана Абдыбекова  40 казан сүмөлөк кайнатуу сынагы  жалпы элге тынчтык, молчулук, береке  келсин  деген ниет менен уюштурулуп, нукура сүмөлөктү жайылтуу максат кылынганын билдирди. Анын айтуусунда, биринчи орунга 100 миң, экинчи орунга  50 миң, үчүнчү орунга 30 миң сом берилет.

Сынактан тышкары  40 казан сүмөлөк кайнаткан ар бир топтун эмгеги бааланып 10 миң сомдон 15 миң сомго чейин өзүнчө сыйлыктар берилет.

Маалымат үчүн белгилесек, 40 казан сүмөлөк 20-март күнү Нарын шаарындагы “Тянь-Шань” паркынын ичинде кайнатыла баштайт. Сүмөлөк кайнатуу жөрөлгөсү бир катар маданий иш-чаралар менен коштолуп, бата берилип, калоо-тилектер менен коштолот.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.