DOLON MEDIA

35 окуучу республикалык олимпиадага барышат

Мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын республикалык туруна Нарын облусунан 35 окуучу барат.

Олимпиаданын облустук туруна 162 окуучу катышып, алардын ичинен  52си байгелүү орунга  илинсе, 1-2-орунду камсыздаган 35 окуучуга республикалык алкактагы олимпиадага катышууга жолдомо берилди.  Эми алар олимпиаданын Республикалык турунда билим күчүн сынашат.

Маалымат үчүн белгилесек, облустук олимпиадада Кочкор районунан 14 окуучу байгелүү орунга  камсыздап, район  биринчи орунга ээ болду.  Ал эми  М.Субакожоек атындагы  Нарын лицейи  экинчи орун, Ат-Башы району үчүнчү, Ак-Талаа району төртүнчү, Нарын шаары  бешинчи, Нарын району алтынчы, Жумгал району жетинчи орунга татышты.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.