Тогуз айда облус боюнча 2 миң 925 бала төрөлгөн. Бул өткөн жылга караганда 63 балага аз. Ошол эле учурда өлүү төрөлгөн балдардын саны дагы алтыга кыскарган, облус боюнча 20 бала өлүү төрөлгөн.
Ал эми ымыркай балдардын өлүмүнүн 32 учуру катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 20.3 пайызга төмөн болду.
Бир жашка чейин чарчаган балдардын өлгөн себептери:
I-орунда перинаталдык себептерден өлгөндөр 16 учур;
II- орунда тубаса аномалиядан өлгөндөр 8 учур;
III- Дем алуу органдарынын оорусунан өлгөндөр 5 учур;
IV- Башка себептерден өлгөндөр 4 учур.