DOLON MEDIA

31 орун үчүн 176 талапкер ат салышат

Нарын шаардык шайлоо комиссиясынан 6 саясий партия каттоодон өттү. Эми шаардык кеңешиндеги 31 мандат үчүн  176 талапкер ат салышат.

Бүгүн, 16-октябрда каттоодон өткөн партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү  шайлоо өнөктүгүндө  мыйзамда көрсөтүлгөн нормаларды так жана туура сактап,  коомдук тартипти бузбай, шайлоону мыйзам чегинде  таза өткөрүп алуу боюнча  меморандумга кол коюшту.

Ошондой эле  партиялардын бюллетенде жайгашуусу жана жергиликтүү ЖМКлардын акысыз эфиринен пайдаланып маалымат берүүгө чүчүкулак кармап, кезектерин аныктап алышты.

Нарын шаарында 21 шайлоо тилкеси уюшулду. Калаада 33 миңден ашык шайлоочу бар.

Маалымат үчүн белгилесек, шайлоо мыйзамына ылайык шайлоого катышкан шайлоочулардын 5 пайыздан жогору добушун алган партияларга мандаттар бөлүштүрүлүп берилет жана 5 жылдык мөөнөткө шайланышат.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.