Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө 1 миллиард 843 миллион 384 миң сом өлчөмүндө салыктар жана башка жыйымдар чогултулуп, план 107,1 пайызга аткарылган.
Жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында дубан башчынын орун басары Адыл Сапаров облус боюнча 290 миллион 292 миң сом өздөштүрүлбөй калганын маалымдады. Бул каражаттын 19 млн 979 миң сому Ак-Талаа районуна, 49 млн 254 миң сому Ат-Башы районуна, 72 млн 657 миң сому Жумгал районуна, 37 млн 289 миң сому Кочкор районуна, 87 млн 913 миң сому Нарын районуна, 23 млн 200 миң сому Нарын шаарына тиешелүү.
Ошондой эле райондук өнүктүрүү фонддордон бөлүнгөн 14 миллион 520 миң сом дагы Ат-Башы, Кочкор, Ак-Талаа жана Нарын райондорунда өздөштүрүлбөй калган.
Өкүлдүн орун басары анын себебин долбоорлор эрте пландалбай жатканын, айыл өкмөт башчыларынын ишке шалаакылыгы менен түшүндүрдү. Өкүл Алтынбек Эргешов бир тыйын дагы өздөштүрүлбөй калбасын деп буга чейин да айтылып келгени менен буга деле кайдыгер мамиле болуп жатканын айтып, долбоордун пландарын эрте түзүү керектигин эскертти.