DOLON MEDIA

23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнү

Бүгүн, 23-сентябрь-Мамлекеттик тил күнү. Бул күн облустагы бардык окуу жайларда, китепканаларда, мекеме-ишканаларда жана мектептерде салтанаттуу белгиленип жатат. Алсак, С.Орозбаков атындагы Нарын облустук китепканасы “Кыргыз тилим-көөнөрбөс дилим” деп аталган китеп көргөзмө уюштуруп, жалпы коомчулук үчүн китепкана алдында көркөм окууларды өткөрүштү.

Китепкананын тейлөө бөлүмүнүн башчысы Бурул Мураталиеванын айтуусунда, жаштар арасында  кыргыз тилинде классикалык жана тарыхый  чыгармаларды окугандар көп.

“Жаштар  негизинен классикалык жана тарыхый китептерге кызыгышат.  Т.Касымбековдун “Сынган кылыч”, “Кел кел”,  К.Жантөшевдин  “Каныбек” , К.Осмоналиевдин “Көчмөндөр кагылышы”, К.Сактановдун  “Маркумдар үнү”, Э.Турсуновдун “Ата журт”, Ш.Дүйшеевдин “Агындылар” китептери колдон-колго өтүп көп окулат. Ч. Айтматовдун кыргыз тилиндеги  бардык чыгармаларын алып кетип окушат. Бизде орус тилдүү класстарда окуган балдар арбын, бирок, алар кыргыз тилиндеги китептерди сурап келгени, башка тилдериди үйрөнүү менен  эне тилин билүүгө умтулганы  бизди кубандырат”,-деди Б.Мураталиева.

С.Орозбаков атындагы Нарын облустук китепканасынын китеп фондунда 100 миң китеп болсо, анын 50 пайызга жакыны кыргыз тилинде. Ал эми жыл башынан бери  фонд  500 нускадан ашык кыргыз тилиндеги китептер менен толукталган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.