DOLON MEDIA

21-февраль-Эл аралык эне тил күнү

Бүгүн, 21-февраль- Эл аралык эне тил күнү.

Бул күн ЮНЕСКО Эл аралык уюмунун генералдык конференциясында 1999-жылы эне тидин эл аралык майрам күнү катары белгилөө каралып, 2000-жылдан тарта белгиленип келет.

Эл аралык эне тил күнү майрам катары тандалып алынышынын себеби 1952-жылы  21-февралда Бангладештин борборунда студенттер эне тилинин мамлекеттик тил болушун талап кылышып көтөрүлүшкө чыгышып, полиция кызматкерлеринин огунан каза болушкан.

Аталган уюмдун  иликтөөсүнө караганда, дүйнөдө 6500 тил колдонулуп, алардын көбү жоголуу чегине жеткен. Ошондой эле БУУнун  Башкы Ассамблеясы 2008-жылды Тилдердин  эл аралык жылы деп жарыялаган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.