DOLON MEDIA

Day: April 1, 2025

Ат-Башы: Шамалдан 28 турак жайдын чатыры кыйрады

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” көзөмөл өткөрүү жайында жана Ат-Башы районунун аймагында үстүбүздөгү жылдын 27-мартында катталган катуу шамалдан 28 турак жай жана чарбалык курулуштардын чатыры талкаланды. Андан жалпы  886 миң 940 сомдук материалдык зыян  келди. Алсак, турак жай жана чарбалык курулуштардын чыгымы 405 миң 744 сом болсо, “Торугарт”  чек ара көзөмөл-өткөрмө пункту 481 миң 200 сомдук  …

Ат-Башы: Шамалдан 28 турак жайдын чатыры кыйрады Толугу менен »

Жумгал: Соң-Көл көлүнө 5 миллион чабак салынды

Соң-Көлгө 5 миллион 2 миң сига-лудога балыгынын чабактары коё берилди. Чабактар “Кыргыз балыгы” мамлекеттик ишканасынын филиалы болгон “Соң-Көл” балык чарбасынын инкубациялык цехинде өстүрүлгөн. Буга чейин икралар  Ысык-Көл облусунда өстүрүлүп келсе, аталган балык чарбага инкубациялык цех курулуп, жабдуулар мамлекеттик жана жеке менчик өндүрүштүк долбоорлор аркылуу алынган. Бул жерде жылына 20 миллион  балык уругун багып-өстүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. …

Жумгал: Соң-Көл көлүнө 5 миллион чабак салынды Толугу менен »