Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда унаа ташуучу унаадан өрт чыкты
Бүгүн, 10-январь күнү Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 156-чакырымында унааларды ташуучу чоң автоунаадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Жерине Балыкчы шаары боюнча №19 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 11:54тө өрт чектөөгө алынып, 12:14тө толук өчүрүлдү. Жабыркагандар жок, өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.