Нарын шаарындагы Абдыкадыр Садыков атындагы №9 орто мектептин курулушу аяктап, окучуларга эшигин ачты.
Эки кабаттан турган 375 орундуу жаңы билим уянын кызыл тасмасы бүгүн, 15-ноябрда президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда кесилди.
Билим уянын курулушуна республикалык бюджеттен 141 миллион 752 миң сом бөлүнүп, курулуш 2022-жылы башталган. Долбоор алкагында имарат типтүү бардык ыңгайлуу шарттары менен заман талабына жооп берген ыкмада салынып, бардык шарттар каралган. Ичине инвентарлар долбоор менен жабдылса, педагогикалык жамаат ички жасалгасын иштеп, көрсөтмө куралдар менен камсыздаган.