Карылар күнүн утурлай 15-сентябрдан 15-октябрга чейин “Карыларга камкордук жана көңүл буруу” деп аталган ураан алдында бир айлык жарыяланган. Учурда жер-жерлерде бир айлык алкагында материалдык, моралдык, медициналык жардам көрсөтүү багытында бир катар иш-чаралар өтүүдө.
Бүгүн, 1-октябрь –Карылар күнүнүн урматына облус боюнча 100 жаштан ашкан 18 карыга өкүлчүлүктүн резервдик фондунан 5 миң сомдон каражат которулуп берилди.
Нарын облусу боюнча 65 жаштан жогору курактагы 18 миң 894 адам бар. Мунун ичинен 100 жаштан өткөн 18, 90-100 жашка чейин 386, 80 жаштан өйдө 3 миң 110 улгайган адамдар бар.