DOLON MEDIA

№2025 Тайлак баатыр  чек ара кызматына 100 жыл

Бүгүн, 10-декабрда Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын “Тайлак Баатыр” атындагы Нарын облусу боюнча башкармалыгынын 100 жылдык мааракеси белгиленди.

Салтанатка катышкан дубан башчы  Алтынбек Эргешов мамлекет тарабынан чек араны чыңдоого болгон аракеттер күч экенин жана бардык  тийиштүү иш-аракеттер, колдоолор болоорун айтып, быйыл “Торугарт” заставасындагы чек ара кызматкерлеринин жумуш шартын жакшыртуу максатында “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан 5 млн сом которулуп берилгенин маалымдады.

Ошондой эле учурунда Нарын чек ара отрядында кызматын өтөп кеткен Н.Молокотин, С.Попов, А.Козлов, А.Боронников, С. Катаев  өндүү орусиядан келген чек арачылар каалоо-тилектерин жолдоп, Чек ара кызматынын тарыхына, чек ара коопсуздугун сактоодогу ордун жана кызматташтыгына токтолуп,  белектерин тапшырышты.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.