DOLON MEDIA

Кыргыз-казак министрлери Казакстан ижарага алган пансионаттар жөнүндө сүйлөштү

30-майда Бишкекте Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Казакстандын финансы министри Мади Такиев баштаган делегациялардын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги кабарлады.      Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээли белгиленип, экономика тармагындагы бир катар маселелер талкууланды. Тараптар анын ичинде Казакстан ижарага алган, Ысык-Көл облусунун аймагындагы курорттук-рекреациялык объекттерди иштетүү жана реконструкциялоо …

Кыргыз-казак министрлери Казакстан ижарага алган пансионаттар жөнүндө сүйлөштү Толугу менен »

Бир жылда Орусиядан 13 миңден ашуун кыргызстандык депортация болду

2023-жылы 13025 кыргызстандык жана 2024-жылдын төрт айында 282 кыргызстандык Орусия Федерациясынан өз мекенине депортация болду.  ТИМ апрелдеги маалыматында чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини түзгөнүн билдирген. Бул сан 2022-жылы 837 миңдей деп белгиленген. Чет жакка иштегени чыккандардын айрымдары атайын консулдук каттоодон өтпөгөндүктөн, эксперттер иш жүзүндөгү сан расмий көрсөткүчтөрдөн айырмаланарын …

Бир жылда Орусиядан 13 миңден ашуун кыргызстандык депортация болду Толугу менен »

Аба ырайы: 30-майда Нарында жаан жаайт

30-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: Нарын облусунда тункүсүн 4…9, күндүз 16…21 градус жылыйт. Бишкек шаарында …

Аба ырайы: 30-майда Нарында жаан жаайт Толугу менен »

Bild: Иран Орусияга алгачкы жолу жаңы үлгүдөгү авиабомбаларды берди

Иран алгачкы жолу Орусияга жаңы, башкарылуучу авиабомбаларды берди. Бул тууралуу Bild басылмасы өзүнүн аскердик талдоочусу Юлиан Рёпкеге шилтеме кылып кабарлады. 25-майда Курск облусунда Иран өндүрүшүндөгү Mohajer-6 учкучсуз учуучу аппараты кулап түшкөн жерде тартылган видеону анализдеп чыккан Рёпканын пикиринде, ал дрондун бортунда Ирандын Qaem-5 үлгүсүндөгү жаңы, башкарылуучу авиабомбасы болгон. Болжол менен ал учкучсуз учуучу аппарат Украинанын …

Bild: Иран Орусияга алгачкы жолу жаңы үлгүдөгү авиабомбаларды берди Толугу менен »

Кайра шайлоо: үч округдан 35 киши талапкерликке арыз берди

Бишкектин бир мандаттуу Свердлов шайлоо округунан жети киши Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн арыз берди. Алардын бири аял, алтоо эркек экенин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 29-майда кабарлады. Депутаттыкка ат салышууну каалагандардан арыз 30-майга чейин кабыл алынат. Шайлоо 30-июнда болот. 2022-жылы аталган округдан мурда депутат болгон Шайлообек Атазовдун мандаты быйыл апрелде жокко чыгарылган. Буга анын …

Кайра шайлоо: үч округдан 35 киши талапкерликке арыз берди Толугу менен »

Бишкекте ысык суу берүү 1-июндан тарта жанданат

Борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөргө, социалдык мекемелерге ысык суу берүү 1-июнунан тарта калыбына келет. “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы кабарлагандай, ысык суу алгач оорукана, бала бакча жана башка социалдык мекемелерге берилет. Мекеме ысык суу чыгуу кечеңдеп, маселе жаралса керектөөчүлөрдү колдоо борборуна: (0312) 61-11-69, 1980, ( 0557) 611166, (0777) 61-11-66, (0701) 61-11-66 телефондору аркылуу кайрылууга мүмкүн экенин маалымдады. Жылуулук …

Бишкекте ысык суу берүү 1-июндан тарта жанданат Толугу менен »

1-июндан тарта Ошто “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирет

1-июндан тарта “Коопсуз шаар” долбоору Ош шаарында ишке кирет.  Маалыматка ылайык, азырынча бул долбоор пилоттук негизде иштейт. Айдоочуларга айып пул жазылбайт. Ноябрь айынан тарта толук кандуу ишке кирет. Мэриянын маалымдашынча, биринчи баскычта шаарга 44 жерге көзөмөлдөөчү камера орнотулган. Эми мындан ары айдоочулар эң көп жол эрежесин бузган кесилиштерге үч буттуу камералар коюлат. Өткөн жылдын декабрь …

1-июндан тарта Ошто “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирет Толугу менен »

Мурдагы вице-премьер Шадиевге таандык болгон “Баткен комфорт” базары сатыкка коюлат

Мамлекеттик мүлк агенттиги экс-депутат Аскарбек Шадиевге таандык делип, кийин мамлекетке өткөрүлгөн “Баткен комфорт” базарын сатуу үчүн электрондук аукцион жүргүзөт. Курулуш материалдары сатылган “Баткен комфорт” базары 2,9 гектар жерде жайгашкан. Обьектинин баштапкы баасы 422 млн 776 миң сом. Аукцион 29-майда саат 10:00до auctionetp.gov.kg. порталында жүргүзүлөт. Ага катышуу үчүн аталган порталга катталып, электрондук арызды тиешелүү документтерди тиркеп, …

Мурдагы вице-премьер Шадиевге таандык болгон “Баткен комфорт” базары сатыкка коюлат Толугу менен »

БУУ Газа тилкесиндеги Рафахта азык-түлүк бөлүштүрүүнү убактылуу токтотту

БУУ коопсуздуктан жана гуманитардык жардамдын жетишсиздигинен улам Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарында азык-түлүктү бөлүштүрүү ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу уюмдун Палестин качкындарына жардам көрсөтүү боюнча Жакынкы Чыгыштагы агенттиги “X” социалдык түйүнү аркылуу билдирди. Эл аралык коомчулуктун эскертүүлөрүнө карабай, Израил армиясы май айынын башынан бери Рафахта аскердик аракеттерди жүргүзүп, абадан айрым турумдарга сокку уруп келет. БУУнун …

БУУ Газа тилкесиндеги Рафахта азык-түлүк бөлүштүрүүнү убактылуу токтотту Толугу менен »

Рысбеков майыптыгы барлардын укугун бузгандар жоопко тартылбай жатканын айтты

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын укугун тебелеп, зомбулук кылууга айыпталган кызматкерлер жоопко тартылбай жатканын 22-майда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди. Ал буга мисал катары Улуттук психиатрия борборунда аутизмден жабыркаган өспүрүм кызга адамгерчиликсиз мамиле кылууга шектелген кызматкерлердин бири да жоопко тартылбаганын, Кадамжайдагы майыптыгы бар адамдар жашаган социалдык-стационардык мекемеде адамдар …

Рысбеков майыптыгы барлардын укугун бузгандар жоопко тартылбай жатканын айтты Толугу менен »