DOLON MEDIA

“Чет элдик өкүл” мыйзамы биринчи окуудан талкуусуз өттү

Жогорку Кеңеш 25-октябрдагы жыйынында “Чет элдик өкүл жөнүндөгү” мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда талкуусуз кабыл алды. Документтин негизги автору, депутат Надира Нарматова баяндама жасагандан кийин төрага Нурланбек Шакиев сунуш-пикирлер болсо экинчи окууга чейин жазуу түрүндө берүү керектигин айтып, документти талкуусуз добушка койду жана көпчүлүк колдоду. Сессияда каттоодон өткөн 72 депутаттын 52си аны колдоп, жетөө …

“Чет элдик өкүл” мыйзамы биринчи окуудан талкуусуз өттү Толугу менен »

Нарында соодагерлер ККМ га каршы

Нарындык соодагерлер ККМ га каршылыктарын билдирүү үчүн 24-октябрда облустук аянтка чогулушту. Аларга Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жана облустук салыктын жетекчиси Нурлан Абакиров жолугушту. Нааразычылыкка чыккан 100 гө чукул соодагерлер электрондук эсеа фактура киргизүүгө, ККМ аппараттарын алууга жана текшерүүлөргө терс пикирлерин билдиришип, патент системасын калтырууну сунушташты. “Патент системасын, азыркы системасын калтырсын. Бизге ошол эле ыңгайлуу …

Нарында соодагерлер ККМ га каршы Толугу менен »

Түндүк-түштүк кошумча жолу 2024-жылы толугу менен бүткөрүлөт

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлү Алмаз Дүйшөбаев парламентте келерки жылы түндүк-түштүк альтернативдүү жолу толугу менен бүткөрүлөрүн билдирди. Ал 24-октябрда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинде жолду толук пайдаланууга 2024-жылы июль айында берүү пландалып жатканын айтты. Жайында аталган министрлик бул жолдун Жумгал районундагы Дыйкан жана Кызыл-Жылдыз айылдарындагы 159-183-чакырымы курулуп бүткөнүн кабарлап, эми 15-ноябрга чейин тилкеде кемчиликтер …

Түндүк-түштүк кошумча жолу 2024-жылы толугу менен бүткөрүлөт Толугу менен »

Нарында кургак учук менен ооругандар табылууда

Быйыл тогуз айдын жыйынтыгында облуста кургак учук менен ооруган 124 учур жаны катталды. Тилекке каршы алардын 16 балдар. Мындай маалыматты Нарын облусттук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун координатору Аида Көкөтаева билдирди. Буга чейин облустк 381 адам аталган дарт менен катталып, дарыланып жатышат. Өкүнүчтүүсү 10 адам оорунун айынан жарык дүйнө менен кош айтышкан. Учурда Нарын шаары …

Нарында кургак учук менен ооругандар табылууда Толугу менен »

Орусиялык активист Лев Скорякин Кыргызстанда уурдалганы кабарланды

Орусиядагы “Солчул блок” кыймылынын активисти Лев Скорякинди Бишкекте белгисиз адамдар уурдап кетишти. Бул тууралуу “Новая газета Европа” басылмасы укук коргоочуларга таянып жазды. Агенттик алардын ысымдарын коопсуздуктан улам жарыялаган эмес. Маалыматка караганда, 17-октябрга караган түнү Скорякин жашаган жайга эки автоунаа менен он киши келген. Алар өзүлөрүн милициянын өкүлдөрү катары тааныштырып, активистти белгисиз тарапка алып кетишкен. Ушул …

Орусиялык активист Лев Скорякин Кыргызстанда уурдалганы кабарланды Толугу менен »

Мадумаровдун соту 30-октябрда уланат

18-октябрда Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго козголгон кылмыш иши боюнча алдын ала соттук угуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жабык өттү. Процесске анын адвокаттары гана киргизилди. Мадумаровго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-октябрда белгилүү болгон. Кийинки отурум 30-октябрга белгиленди. Саясатчынын адвокаттарынын бири Юлия Богданова буга чейин ишке “жашыруун” деген гриф …

Мадумаровдун соту 30-октябрда уланат Толугу менен »

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 13,98 чакырымы макулдашылды

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын дагы 13,98 чакырымы макулдашылды. Бул макулдашуу 12-18-октябрь күндөрү Тажикстандын Бустон шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусунда кабыл алынган. Анын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди. Тараптар эми калган тилкелер боюнча сүйлөшүүнү Кыргызстанда өтө турган жолугушууда …

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 13,98 чакырымы макулдашылды Толугу менен »

Нарын облусунда дагы бир мектептин имараты ачылды

Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Ак-Кыя айылындагы Үсөн Бейшеев атындагы орто мектебинин 150 орундуу имараты бүгүн 19-октябрда ишке берилди. Аталган мектептин имараты 2015-жылы баштадып, дээрлик 8 жылдан бери токтоп турган. Президенттин курулуп бүтпөй жаткан социалдык объектилерди бүткөрүү демилгесинин артында ишке ашты. Эске сала кетсек аталган мектептин имараты 2006-жылдагы жер титирөөдө авариялык абалга келген.

ЖКтин төрагасы эки күндөн бери Нарында

Төрага Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар 16-октябрдан бери Нарын облусунун аймагында шайлоочулар менен жолугушуп, көйгөйлөрдү жеринде көрүп жүрүшөт. Кече алар Кочкор, Нарын, Жумгал райондорунда болушса, бүгүн 17-октябрда Нарын шаарында болушту. Нарын шаарындагы авариялык мектептердин бири №10 Жапар Чолпонбаев атындагы мектептин имаратын көрүштү. Мектеп мурдакы дүкөндүн имаратында жайгашкан, балдардын сыйымдуулугу 350 балага ылайыкталса, учурда 1096 окуучу билим …

ЖКтин төрагасы эки күндөн бери Нарында Толугу менен »

Жумгалда мектептин имараты курулуп, бала бакчанын пайдубалы түптөлдү

16-октябрда Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айылында Калык Акиев атындагы орто мектептин 225 орундуу жаны имараты бүткөрүлүп, окуучуларды кабыл ала баштады. Курулуш иштери республикалык бюджеттен 57 млн сомго каржыланды, Буга чейин окуучулар авариялык абалдагы эски мектепте окуп келишкен. Мектептин ачылыш аземине КР ЖКнин төрагасы Нурланбек Шакиев, Президенттин Нарындагы өкүлү Алтынбек Калдаров жана башка адамдар катышты. Андан сон …

Жумгалда мектептин имараты курулуп, бала бакчанын пайдубалы түптөлдү Толугу менен »