Нарында эки ирет жер титиреди
Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык бүгүн, 12-майда саат 12:38де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 5,5 магнитудасына жеткен экинчи жер титирөө катталды. Жер титирөө Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Ак-Кыя, Көк-Жар айылдарында 5 балл, Байгөнчөк, Үгүт, Ак-Талаа, Кара-Ой, Кадыралы, жана Нарын районунун Жылан-Арык, Ак-Кудук айылдарында 4 балл, Нарын районунун Учкун, Шоро, Баетов, 8-Март, Куланак жана Жумгал районунун Миң-Куш …









