Тогуз айда кызамыктын 177 учуру катталды
Нарын райондор аралык мамлекеттик санепид көзөмөлдөө борборунун врач-иммунологу Гүлай Дуулатованын маалыматына караганда, өткөн жылдын тогуз айында облус боюнча кызамык оорусунун 12 учуру катталса, быйыл 9 айда 177 учур катталып өсүш берген. Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу чыгып кызамык жана кызылча ооруларына каршы эмдөө компаниясы жүргөн. Анын натыйжасында октябрь айында оорунун бир учуру катталган. 21-октябрдан …









