DOLON MEDIA

Жылдагыдан түшүм мол…

Нарын облусунда тоют топтоо жана оруп-жыйноо өнөктүгү жыйынтыкталды. Быйыл облус боюнча дан эгиндеринин жана чөп өсүмдүктөрүнүн түшүмү жакшы болуп, өнөктүк өз убагында  жыйынтыкталды. Алсак 500 миң 455 миң тонна тоют топтолуп, бул  көрсөткүч өткөн жылга караганда 166 миң 673,8 тоннга көп. Ал эми 25 миң 808 гектар жерге айдалган  дан эгиндеринен 166 миң 694,2 тонна …

Жылдагыдан түшүм мол… Толугу менен »

Жол тейлөө мекемелери 65 пайыз кышка даяр

Нарын облусунда жалпы 9 жол тейлөө ишканасы бар. Маалыматка караганда, жол тейлөө мекемелеринде тайгакка каршы 3 миң 100 тонна инерттик материал даяр. Ошондой эле 20 миң тонна дизтопливо,1 миң 200 литр бензин бар. Учурда Долон ашуусунда бир миң тонна инерттик материал даяр. Ал эми 35 техника болсо, алардын кышка даярдыгы 65 пайызды түзөт. Маалымат үчүн …

Жол тейлөө мекемелери 65 пайыз кышка даяр Толугу менен »

31 орун үчүн 176 талапкер ат салышат

Нарын шаардык шайлоо комиссиясынан 6 саясий партия каттоодон өттү. Эми шаардык кеңешиндеги 31 мандат үчүн  176 талапкер ат салышат. Бүгүн, 16-октябрда каттоодон өткөн партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү  шайлоо өнөктүгүндө  мыйзамда көрсөтүлгөн нормаларды так жана туура сактап,  коомдук тартипти бузбай, шайлоону мыйзам чегинде  таза өткөрүп алуу боюнча  меморандумга кол коюшту. Ошондой эле  партиялардын бюллетенде жайгашуусу жана жергиликтүү …

31 орун үчүн 176 талапкер ат салышат Толугу менен »

Нарын жылуулук берүү мекемеси кышка 98 пайыз даяр

Нарын шаардык жылуулук берүү муниципалдык ишканасы Нарын шаарына жылуулукту 25-октябрда берүү мерчемделип жатканын билдирди. Ишкана башчысы Мирлан Аманбаевдин айтуусунда, норма боюнча абанын орточо температурасы үч күн бою +8 даражаны көрсөткөндө жылуулук берилиши керек. Учурда бул көрсөткүч  +10 даража болууда. Ишкана быйыл 3 откана салып, жаңы 7 отказан орнотуп, 7 мекемени борбордук жылытуу тутумуна кошту. Ошондой …

Нарын жылуулук берүү мекемеси кышка 98 пайыз даяр Толугу менен »

Ат-Башы: Голландиядан алынган үрөндөн 105 тонна түшүм алынды

Ача-Кайыңды айылындагы “Курманбек-Ата” айыл чарба кооперативи быйыл Голландиядан алынып келинген  төрт түрдөгү  картошканын үрөнүн сынамык иретинде үч гектар жерге отургузган. Натыйжада ар гектарынан орто эсеп менен 35 тоннадан түшүм алынып, түшүм  кооперативдин  кампасында сакталууда. Жаз алды менен үрөн катары дыйкан-фермерлерге сатылмакчы.

Ат-Башы: “Ак каймак” ишканасы айран, каймак, йогурт өндүрүп жатат

Ат-Башы айылындагы “Ак каймак” ишканасы күнүнө 250 тонна сүттү кайра иштетип, каймак, айран жана йогурт чыгарып жатат. Даяр продукциялар  Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы  “Глобус” соода түйүндөрүндө сатылып жатат. Үй шартындагы чакан ишкананы жеке ишкер Таалай Шаршеев жубайы экөө ачкан. Негизинен ишкана күнүнө 1,5 тонна сүт иштетүү мүмкүнчүлүгү бар. Жеке ишкердин айтымында, “Глобус” соода түйүндөрүнүн талабына …

Ат-Башы: “Ак каймак” ишканасы айран, каймак, йогурт өндүрүп жатат Толугу менен »

«#ЧындыкҮчүн6Жыл» публикациялар марафону өз ишин баштады

Бүгүн, 15-октябрда, Бишкектин Ленин райондук соту тарабынан иликтөөчү журналисттерге карата адилетсиз өкүмдөргө жооп иретинде, Кыргызстандагы аракеттеги медиа платформасы тарабынан «#ЧындыкҮчүн6Жыл» публикациялар марафону өз ишин баштады.   Бир жуманын ичинде редакциялар, онлайн платформалар жана социалдык тармактын колдонуучулары Temirov Live, «Айт Айт Десе» жана «Алга Медиа» сыяктуу негизги иликтөөлөрдү эске салып, алардын иштери өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүүгө …

«#ЧындыкҮчүн6Жыл» публикациялар марафону өз ишин баштады Толугу менен »

Тогуз айда мал менен байланышкан 32  жол кырсыгы катталды

Ушул жылдын тогуз айында мал менен байланышкан 32 жол кырсыгы катталган. Акыркы бир айдын ичинде эле төрт жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен үч адамдын өмүрү кыйылган. Мал менен байланышкан жол кырсыктардын баары кечкисин болууда. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин айтымында, акыркы бир жума ичинде эле облус аймагында эки жол кырсыгы катталып, үч адамдын өмүрү кыйылган. …

Тогуз айда мал менен байланышкан 32  жол кырсыгы катталды Толугу менен »

11-октябрь – Эл аралык кыздар күнү.

Бул күн  2011-жылы 11-октябрда Бириккен улуттар уюмунун генералдык ассамблеясы тарабынан кыздардын укуктарын коргоо жана жайылтуу багытында  негизделип, эл аралык кыздары күнү катары жарыяланган. Маалыматтарга караганда, анын негизги максаты – кыздарга байланыштуу социалдык көйгөйлөргө, теңсиздиктерге өзгөчө көңүл буруу болуп саналат.  Ошондой эле кыздардын билим алуусун, толук кандуу тамактануусун, медициналык тейлөөнү, коомдук укуктарын  басынтуу, күч колдонуу, өзүнүн …

11-октябрь – Эл аралык кыздар күнү. Толугу менен »

Ак-Талаа: 37 миллион 444 миң сом өздөштүрүлбөй турат

Үстүбүздөгү жылы Ак-Талаа районундагы капиталдык курулуштар, капиталдык ремонт, жол, ирригация тармактарына республикалык бюджеттен 546 миллион сом акча каражаты каралган. Анын ичинен 304 миллион сом акча каражатынын жумуштары аткарылган.  Мындан тышкары таза суу системасына 584 миллион сом каралып, анын 134 миллион сому өздөштүрүлгөн. Маалыматка караганда, район боюнча бүгүнкү күндө 37 миллион 444 миң сом акча каражаты …

Ак-Талаа: 37 миллион 444 миң сом өздөштүрүлбөй турат Толугу менен »