DOLON MEDIA

Минкаб Нарындагы айыл аймактарга 108,2 млн сом бөлөт

Министрлер кабинети Нарын облусундагы айыл аймактарга 108 млн 198,1миң сом бөлөт. Министрлер кабинетинин үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрындагы тескемесине ылайык , финансы министрлигине Жогорку Кеңештин бюджет, эконномикалык жана фиксалдык саясат боюнча комитетинин макулдугу менен облустагы 22 айыл аймагына 108 млн 198,1 миң сом бөлүп берүү тапшырмасын берди.  Ага ылайык Ак-Талаа районундагы Ала-Буга айылдык аймагына 158 400 сом, Кара-Бүргөн …

Минкаб Нарындагы айыл аймактарга 108,2 млн сом бөлөт Толугу менен »

Президент Жапаров Москвада КМШга мүчө мамлекет башчыларынын жыйынына катышат

Президент Садыр Жапаров  (КМШ) мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн 7-октябрда Москвага жөнөп кетти. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалымат кызматы кабарлады. Кыргыз делегациясынын курамында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Кыргызстандын КМШ иштери боюнча улуттук координатору А. Касымалиев, тышкы иштер министри Ж. Кулубаев, Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы М. Азымбакиев, Кыргызстандын Россиядагы элчиси К. Бөкөнтаев, Инвестициялар …

Президент Жапаров Москвада КМШга мүчө мамлекет башчыларынын жыйынына катышат Толугу менен »

“Улуттук электр тармагынын” директорунун орун басары кармалды

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун директорунун орун басары Аскат Абылаев Бишкектеги №1 тергөө абагына 2-декабрга чейин камакка алынды. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 5-октябрда караганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсү берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Коммерциялык же башка уюмдардын …

“Улуттук электр тармагынын” директорунун орун басары кармалды Толугу менен »

Нарын шаарындагы «Ала-Тоо» мейманканасынын жери мамлекетке кайтарылды

Нарын шаарынын борборунда жайгашкан  0, 32  га жер мамлекеттин карамагына кайтарылды деп билдирет УКМК нын маалымат кызматы. Бул жер Нарын шаарындагы “Ала-Тоо” мейманканасынын админстрациясы жанаша жайгашкан аймак болуп келген. Комитеттин маалыматында аталган жер 2007-жылы Нарын облустук сотунун коллегиясы жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен М. А аттуу жаранга  жер участогуна ээлик кылуу чечимин чыгарып берген. Анын …

Нарын шаарындагы «Ала-Тоо» мейманканасынын жери мамлекетке кайтарылды Толугу менен »

Евробиримдик Кытайдын электромобилдерине тарифти 45% жогорулатат

Еврокомиссияда 4-октябрда Кытайдын электромобилдери үчүн бажы бекетинде төлөнүүчү алым (пошлина) өлчөмүн жогорулатуу маселесине байланыштуу добуш берүү болду. Натыйжада Евробиримдиктин 27 өлкөсүнүн 10у «макул», бешөө «каршы» деген пикирин билдирди, 12си добуш берүүдөн карманды.   Мындай жыйынтык алымды жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Биримдиктин өкүлдөрү Кытай менен сүйлөшүүлөр дагы уланарын айтып жатканы менен жаңы тарифти быйыл ноябрдан тартып эле …

Евробиримдик Кытайдын электромобилдерине тарифти 45% жогорулатат Толугу менен »

Кыргызстанда мугалимдердин 86% аялдар түзөт

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда мектептерде сабак берген мугалимдердин жалпы санынын 86% аялдар түзөт. Алардын 5% директор жана директордун орун басары болуп иштейт. Ушул тапта өлкөдө 5 миңге жакын бала бакча, мектеп, жогорку окуу жай, орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелери бар жана анда 118 миңге жакын педагог эмгектенет. Орто мектептерде 90 миңден …

Кыргызстанда мугалимдердин 86% аялдар түзөт Толугу менен »

Ат-Башы: Элеттик мугалим “Мыкты  математика мугалими” аталды

Республикалык сынакта “Мыкты математика мугалими” наамын алыскы Ат-Башы районунун А.Осмоналиев атындагы орто мектебинин математика мугалими Бүбүайша Жумукова жеңип алды.  Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен алынды. Бүбүайша Жумукова агартуу тармагында 22 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Жеңүүчү жаштайынан математика илимине кызыгып, Кыргыз улуттук университетинин эсеп, экономика жана Нарын мамлекеттик университетинин информатика факультетин аяктаган. …

Ат-Башы: Элеттик мугалим “Мыкты  математика мугалими” аталды Толугу менен »

Теңиртоолук тарбиячылар байгелүү кайтышты

Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өткөн  республикалык сынакта Нарын облусунан катышкан тарбиячылар үчүнчү байгелүү орунду камсыздашты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. “Жылдын мыкты тарбиячысы” номинациясы боюнча  Ат-Башы районунун “Казыбек-Жеткинчек” бакчасынын тарбиячысы  Айзада Мырзабекова, “Жылдын мыкты усулчусу” номинациясы боюнча Нарын шаарындагы №1 “Ата-Түрк” атындагы бала …

Теңиртоолук тарбиячылар байгелүү кайтышты Толугу менен »

Кочкор: Элге 15 тонна көмүр сатылды

Кочкор району боюнча 11  көмүр кампа уюштурулган. Автобазадагы  көмүр  көмүр кампасына  40 тонна көмүр тартылып, учурда 15 тонна көмүр элге сатылды. Кампада көмүрдүн баасы 4700 сом, ал эми жеткирип берүүсү менен 5000 сомдон  сатылып жатат. Башка кампаларга азырынча көмүр түшө элек. Ошондой эле жеке ишкерлер көмүр тартып келип, кардарларга кыдырып сатууда. Кочкор районунда өткөн жылы …

Кочкор: Элге 15 тонна көмүр сатылды Толугу менен »

“Кыргызгеология” 2025-жылы Жетим-Тоодо чалгындоо иштери башталарын билдирди

“Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы 2025-жылы Нарындагы Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштерин баштоону пландоодо. Бул тууралуу мамлекеттик ишкананын директору Эламан Муратов парламенттеги Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин 1-октябрдагы жыйынында билдирди деп жазды «Азаттык» радиосу. Э. Муратовдун маалыматында, ишкана тоо кендери боюнча чыгымдар, жасала турган жумуштар жана запастарды аныктоо иштери камтылган беш жылдык план кабыл алган. Анын ичинде …

“Кыргызгеология” 2025-жылы Жетим-Тоодо чалгындоо иштери башталарын билдирди Толугу менен »