DOLON MEDIA

Нарындын ИДПсы эки эсеге өстү

Нарын облусунун ички дүң продукциясы 2025-жылы эки эседен ашык өстү. Бул тууралуу Нарын жергесинде өтүп жаткан Нооруз майрамында куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров билдирди. “Акыркы 5 жыл ичинде өлкөдө туруктуулук орноп, анын ичинде Нарын облусу да куру эмес экендигине эки ооз сөз менен токтоло кетейин. Облустун ички дүң продукциясы 2020-жылы 18 млрд сомду …

Нарындын ИДПсы эки эсеге өстү Толугу менен »

Нооруз майрамында мыкты боз үй аныкталды

21-март Нооруз Нарын облусунда быйыл өзгөчө белгиленди. Себеби президент Садыр Жапаров Нооруз майрамын Нарындан тосту. Майрамдык шаң көп сынактар менен коштолду. Мисалы “Мыкты боз үй” сынагына облустун 5 районун , бир шаарынан боз үйлөр сынакка коюлду. Биринчи орунду Ат-Башы районунун уздары жасаган боз үй татаыктуу болуп, 120 миң сом байге утту. Экинчи орунга Ак-Талаа районунун …

Нооруз майрамында мыкты боз үй аныкталды Толугу менен »

Айт намазы мечиттерде окулат

20-март Орозо Айт майрамы Эмгек кодексине ылайык иш күнү эмес болуп эсептелинет. Нарын облусунда айт намазы Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын (Муфтияттын) чечимине ылайык мечиттерде окулат. Ал эми Нарын шаарындагы жети мечитте: Городок аймагында “Али” мечитинде, Борбордук чөлкөм “Абувакас” мечитинде, 64 чөлкөмү “Билал” мечитинде, М. Сыдыков атындагы чөлкөмдө “Жакыпбек Ата” мечитинде, РТС аймагы “Аюб” мечитинде, Эски …

Айт намазы мечиттерде окулат Толугу менен »

Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыкка конкурс жарыяланды

Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыкка чыгармалар кабыл алына баштады. Бул тууралуу Жазуучулар союзунан билдиришти. Маалым  болгондой, чыгармалар 20-марттан 20-майга чейин кабыл алынат. Конкурска 18 жаштан 45 жашка чейинки акындар катыша алышат. Баш байге ээсине 200 миң сом акчалай сыйлык жана Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты баральефи ыйгарылат. Ошондой эле башка номинация ээлери акчалай сыйлыктар, …

Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыкка конкурс жарыяланды Толугу менен »

Камчыбек Ташиев сурактан чыкты

Ал маалыматты ачыкка чыгарбоо тууралуу тил катка кол койгону кабарланды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгындагы сурагы беш саатка созулду. Бир нече басылмалар өз булактарына таянып, Ташиев маалыматты ачыкка чыгарбоо тил катына кол койгонун жазышты. Журналисттердин Ташиевге суроо берүүгө мүмкүнчүлүгү  болгон жок. Ал ИИМдин имаратынан …

Камчыбек Ташиев сурактан чыкты Толугу менен »

Нарын шаарынын борбордук көчөсү 21-мартта жабылат

Нооруз майрамында Нарын шаарында унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтта өтө турган салтанатка байланыштуу Ленин көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Андабеков көчөсүнө чейин жабылат. Учурда атайын унаа токтотуучу жайлар уюштурулду. Бул күнү сырттан келген меймандар унааларын калаанын кире бериш жерлерине, эски РТС мекемесинин короосуна, Москва чөлкөмүндөгү терминалга, …

Нарын шаарынын борбордук көчөсү 21-мартта жабылат Толугу менен »

40 казан сүмөлөк кайнатылат

Нарын шаарында Нооруз майрамынын алкагында “Мыкты сүмөлөк” сынагы өтөт. Ага  облустагы ар бир район катышып, жалпы 40 казан сүмөлөк кайнатылат. Сынакка “Кыргыз биримдик” коомдук бирикмеси жана “Тапсаң сеники” долбоорунун негиздөөчүлөрү демөөрчү болуп, уюштуруу иштерине 1 миллион 500 миң сом жумшашууда. Эң даамдуу жана нак сүмөлөк деп табылган “Мыкты сүмөлөккө”  акчалай байгелер берилет. Уюштуруучу Дана Абдыбекова  …

40 казан сүмөлөк кайнатылат Толугу менен »

Ак-Талаада мыйзамсыз балык кармагандарга айып салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ак-Талаа районунда мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды. Маалыматка караганда. жаратылыш сакчылары  райондун  Кара-Суу жана Мыкачы аймактарында  эки күндүк рейд өткөрүшкөн. Анын жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулап жүргѳн 8 жаран кармалып, КР Укук бузуулар кодексинин негизинде протоколдор түзүлүп, 8 мин сом айып салынган.

Нарында Нооруз кандай белгиленет?

Нарын шаарында быйыл Нооруз майрамы өлкө жетекчилигинин катышуусунда республикалык денгээлде өзгөчө белгиленет. Учурда ага карата кызуу даярдык көрүлүп, мамлекет тарабынан ар тараптуу  колдоолор көрсөтүлүүдө. Алсак, калаабыздын борбордук бөлүгүндөгү имараттарда ондоп-түзөөлөр, парктарда, көчөлөрдө жарыктандыруу иштери жасалды. Атайын техникалар алынып келинди. Маданий иш-чаралар Маданият, маалымат  жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп, Нооруздун театралдаштырылган оюн-зоок программасына 500дөй  маданият …

Нарында Нооруз кандай белгиленет? Толугу менен »

Нооруз майрамынын негизги иш-чаралары Нарында өтөт

Быйыл Нооруз майрамынын негизги иш-чаралары Нарын шаарында өтөт. Президент Садыр Жапаровдун майрамдык салтанатка катышуусу күтүлүүдө. Президенттин аймактагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, майрамдык иш-чара саат 11:00дө Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта башталып, негизги маданий иш-чара өтөт. Расмий бөлүктөн кийин, саат 12:30дан 14:00гө чейин коноктор түшкү тамактан ырахат алышат, ал учурда салт боюнча баарына жазгы даамдуу …

Нооруз майрамынын негизги иш-чаралары Нарында өтөт Толугу менен »